Оштогу “Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде 2008-2010-жылы туулган жаштар арасында спорт чебери, Кыргызстандын 17 жолку чемпиону Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү.
Спорттук иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.
14-15-октяюрь күндөрү өткөн мелдеште Кыргызстандын булуң бурчунан 400дөн ашуун спортчу 12 салмак категориясы боюнча күч сынашты.
Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан медалдар, баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.