
Ош шаарында Курманжан-Датка менен Ленин көчөсүн байланыштырган Аман Асранкулов көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди.
Муниипалитеттен билдиришкендей, жолду Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ачып, жаңыдан асфальтталган көчөнү көрүп чыкты.
Көчөнүн жолу алты тилкелүү болуп кеңейтилип, бир тараптуу унаа кыймылы үчүн ачылды.
Күндүзгү жана кечки нөөмөт менен буга чейин аталган көчөдө мыйзамсыз жана убактылуу курулган курулуштарды, тосмолорду алып салуу менен бирге, тротуарларды, лотокторду куруу, күн энергиясы менен кубаттанган жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле айланасы көрктөндүрүлүп, гүл жана жаңы көчөттөрдү эгүү, бак-дарактарды бутоо, иретке келтирүү иштери да аткарылды.