Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т. Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды.
Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.