Оштогу «Царский двор» кафесинен чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Ош шаарындагы «Царский двор» кафесинен чыккан ири өрт толук өчүрүлдү, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 15:20да чектөөгө алынып, саат 16:26да толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 375 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

6 Март 2024 жыл 16:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча