Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди (0:8). Исмаилов ушуну менен Париж Олимпиадасындагы таймаштарын жыйынтыктап, 5-орунду ээледи.
Бул Олимп оюндарында Амантур Исмаилов төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Европа чемпионатында эки жолку коло байге уткан украиналык Парвиз Насибовго бир упай айырмасы (6:7) менен жеңилген. Насибов финалга чыккандыктан, Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыккан. Көңүл жубатуучу беттеште ал сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.