Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.
Ошол эле маалда мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү.
Садыр Жапаров бул жакшы саамалыктар — Баткен облусундагы Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жана башка бир топ социалдык объектилердин ачылыштары менен куттуктады.
Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи.
Мвмлекеттик курулуш агенттигинен белгилешкендей, каргашалуу окуялардан жабыркаган элге 420 жеке турак-жай үйлөрдүн, 15 социалдык маанидеги объектилердин ачылышы 1 күнгө дал келип, салтанаттуу ачылыш аземине Президентибиз Садыр Нуркожоевич өзү келип, катышып жатат.
Ошол эле учурда, Мамкурулуштун директору Нурдан Кемеловичтин тапшырмасы менен Кара-Бак айылында 100 орундуу, заманбап мектептин ачылышы болду.
Бүгүнкү күндө Лейлек жана Баткен районунун чек арадагы айылдары калыбына келтирилди.
Жарактан чыккан 417 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан куруп, жабыркаган жарандарыбызды жаңы үйлөрүнө киргиздик. Мында бир эле турак үйлөр эмес, бир топ социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана электр линиялары да жарактан чыккан болчу”, — деди Садыр Жапаров.
Ал Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 млн. сом акча каражатын бөлүү каралганын айтып өттү. Учурда 500 млн. сом Баткен облусунун эсебине толук которулуп берилди. Буга чейин 62 айыл чек арада өзгөчө статуска ээ болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тартып, жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1000 сомдон кошумча төлөм төлөнө баштады. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2000 сомдон кошулду. Саламаттыкты сактоо, ички иштер, салык тармактарында бир катар кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди.
“Чынында эки өлкө менен чектешкен Баткен облусу өзгөчө стратегиялык аймак, ошондуктан калктын туруктуу жашоосуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аймактагы коопсуздук өлкө үчүн өзгөчө маанилүү экенин жакшы билебиз. Биз бул багытта өзүңүздөргө маалым болгондой, чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз.
Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөтттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилген күн да келет. Эң негизгиси биздин эгемен өлкөбүз бар, калыстыкты туу туткан элибиз бар, тамыры тереңде жаткан тарыхыбыз бар”, — деп Мамлекет башчысы кошумчалады.
Президент чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын үйлөрүн куруу менен бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилгенин белгиледи. Ал эми кезектеги ремонтко муктаж 124 үй ээсине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөндү. Окуяда унаасы же мал жандыктары жоголуп, же өрттөлүп материалдык зыян тарткан жалпы 678 жаранга 135 млн 554 миң сом акчалай компенсация төлөнүп берилди. Жабыркаган 210 жеке ишкерге 300 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 63 млн сом бөлүндү, 208 ишкерге 197 млн 500 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары которулуп берилди.
Садыр Жапаров 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусунда 48,8 км жолду асфальттаганга үлгүргөндүгүн айта кетти. 38,6 км жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 даана атайын техника берилди.
Президент социалдык маанидеги объекттердин курулушу боюнча 2023-жылдын титулдук тизмесиндеги 46 объектиге 427, 0 млн сом акча каражаты каралганын белгиледи. Анын ичинде 32 мектеп, 2 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси жана 6 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.