Президенттин катышуусунда футболдук турнири өтөт

Бишкекте 8-9-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлөт.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулат.

7 Декабрь 2023 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча