Прокурор Жекшеналиевди 7 жылга камоону сурады

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 16-ноябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин ишин карап, жарыш сөзгө чыккан прокурор Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону соттон суранды.

«Жарыш сөзгө чыктык, прокурор жети жылга камакка алууну суранды. Адвокаттар жарыш сөзүн айтып бүтө элек. Кийинки соттук процесс 27-ноябрга белгиленди», — деди жактоочу Сыдыков.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “ПолитУзник” баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

16 Ноябрь 2023 жыл 13:51

Тема боюнча