Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.
Руслан жана Исламбек Матраимовдор ушул тапта Ошто тергөө абагында камакта жатат.
Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.