Раззаков шаарына аба каттамдарынын саны көбөйдү

Asman Airlines авиакомпаниясы Баткен облусунун Раззаков шаарына аба каттамдарынын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттон билдиришкендей, каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жумасына 4 жолу аткарылат.

Билеттер AsmanAirlines тиркемесинде жана asmanairlines.kg сайтында жеткиликтүү. Баасы 3 900 сомдон башталат.

3 Апрель 2025 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча