Red Petroleum спортчуларга бир жылдык бензин запасын белек кылды

«Альфа Ойл» ЖЧКсы (Red Petroleum май куюучу станцияларынын тармагы) Парижде өткөн 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларынын жана жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Компаниянын кеңсесине спортчулар Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу, Үзүр Жузупбеков жана Эрлан Шеров келген. Жакынкы арада башка атактуу спортчулар – Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов менен да ушундай жолугушуулар өткөрүлөт.

Ишкананын жетекчиси Акылбек Маматов спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алардын жеңиштери жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал Олимпиада медалдары жеке жетишкендиктер гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн сыймыгы экенин баса белгиледи. Акылбек Маматов спортчуларга мындан аркы мелдештерде ийгиликтерди каалап, алар мындан ары да күйөрмандарды жаңы жеңиштери менен кубандырат деген ишенимин билдирди.

Ыраазычылык жана колдоо иретинде Alfa Oil компаниясы чакырылгандардын ар бирине Red Petroleum май куюучу станциялар тармагында бир жылдык күйүүчү май менен камсыздоо үчүн сертификаттарды жана компаниянын маркасындагы белектерди тапшырды.

15 Август 2024 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча