Бүгүн, 23-июнда Биринчи май райондук сот укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды.
Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу жабык каралды. Иш дээрлик 8 ай тергелип сотко өткөн.
Бүгүнкү күнгө чейин кармалган 27 кишинин 16сы абакта болчу.