Сентябрдан бери Бишкектеги мектептерде 42 жаңжал катталды

2024-2025-окуу жылы башталгандан бери Бишкектин мектептеринде балдардын ич ара келишпестигинен улам 41 жаңжал катталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева 24.kg агенттигине билдирди.

Анын сөзүнө караганда эки бала жана топ-тобу менен мушташкан, «мектептер, райондор аралык» деп бөлүнүп алып жаңжалдашкан учурлар бар. Бардык учурлар балдар иштери боюнча комиссияда каралып, айрым окуучулар Ички иштер министрлигинин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясына каттоого алынган.

«Өтө сейрек учурда гана жаңжалдар мектепте болбосо, көбүнчө сыртта же эс алуу мезгилдеринде болот. Класс жетекчилер мектептен тышкаркы убакта балдар ата-энелердин жоопкерчилигинде болорун дайыма эскертип келишет. Бактыга жараша, бизде жарандык коом активдүү, балдар чогулуп атканын көрөрү менен 102ге чалгандар бар. Ушундай чалуулар канчалаган жаңжалдын алдын алууга шарт түздү», — деген Турдубаева.

Ал балдарды үйдө бири-бирин сыйлоого, өздөрүнүн укугун билүү менен кошо эле башкалардын да укуктарын сыйлап, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин билүүгө үйрөтүү керектигин эскертти.

Турдубаеванын маалыматына ылайык, борбор калаадагы мектептердин ар бирине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан жашы жете электер менен иштөөчү кызматкер бекитилген. Жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышында балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу үчүн мэриянын алдындагы түзүмдөр аралык план түзүлөт. Укук бузуулар, зордук-зомбулук боюнча жумалыктар өткөрүлүп турат. Класстарда мушташ, буллинг, зомбулук, рэкэтчилик, баңгизатка көз каранды болуунун зыяны жана башка темаларда балдар менен аңгемелешүү, класстык саат, милиция кызматкерлеринин катышуусунда лекциялар өткөрүлөт.

17 Февраль 2025 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча