Каникул учурунда шаардыктар «ээнирээк» көчөлөргө көнө түшкөн эле, эми жолдогу тыгындардан жүдөп жатышат. Бул тууралуу муниципалитеттин Транспорт департаментинин өкүлү Азамат Осмоналиев «Биринчи радиого» берген маегинде айткан.
Ал сентябрдын этеги менен борбор калаада бардыгы өз ордуна келип калат деген пикирде.
«Жайында баары эс алды, окуучулар каникулда болуп, жолдор бошураак болгонуна көнө түштүк. Окуу жылынын башталышы менен шаар жанданып, көптөр «шок» абалда болуп калышты. Адамдар буга көнүш үчүн бир-эки жумадай керек. Сентябрдын соңу менен жолдордун ремонтун бүткөрөбүз. Ошондо борбордук көчөлөрдүн жүгү жеңилдеп, бардыгы өз ордуна келет», — деген Осмоналиев.
Мэриянын өкүлү мындай жагдайда окуучулар менен студенттердин ар башка убакта окууга барганы жакшы натыйжа берерин кошумчалады.
Акыркы жылдарда жолдордогу тыгын бишкектиктер менен шаар бийлигинин баш оорусуна айланды. Бул маселени чечүү үчүн калаа бийлиги ар кандай радикалдуу ыкмаларды сунуштап, айрымдарын киргизген. Алардын бири — билим берүү мекемелеринин графиги. Анткен менен бул кадам коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, ал тургай парламент трибунасында көтөрүлдү. Ал эми мэрия окуунун жаңы графиги таңкы тыгынды азайтып, жолдорго болгон басымды күн ичине бөлүштүрүүгө мүмкүндүк бергенин айтууда.