Бүгүн 2-апрелде Чүй облусунун Сокулук райондук милиция бөлүмүндө кармалып отургандардын бири каза болду. Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайдын камерасында отурганын, ал асынып алганын билдирди.
“Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББ жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Жагдайлар такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракетине баа берилип, күнөөлүүлөргө чара көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”, — деп билдирди ИИМ.
Милициянын имаратында камакта отуруп каза болгондор Кыргызстанда буга чейин да катталган. Ички иштер мекемеси адатта алар өз жанын өзү кыйганын, ал эми маркумдардын жакындары алар киши колдуу болгонун айтып келишет.