Бүгүн, 18-мартта акын, ырчы Аскат Жетигендин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Ал сотко алып келинди жана журналисттердин суроосуна кыска жооп берип, айткандарын кылмыш деп эсептебей турганын айтты.
«Анткени буга чейин көп жолу сылык-сыпаа иш алып барууга аракет кылып келгем. Күбөлөр дагы бар. Менин катуу айтылган сөздөрүмдүн баары айла кеткендеги иш» , — деди ал.
Маалыматтарга караганда, Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Нарында кармалып, Бишкекке алып келинген. Ага видео билдирүүлөрүнөн улам «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деп шек менен 2022-жылы кылмыш иши козголгон.
УКМК аны 48 саатка камакка алганы 16-мартта белгилүү болгон.
Атайын кызмат расмий маалымат бере элек.