
Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталган ырчы Кайрат Примбердиевди сот 100 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, казакстандыктардан Ормон хан үчүн кечирим сураганы боюнча сот иши бүгүн 20-мартта толук аягына чыкты.
“Бир жарым ай мурун Казакстандын “Айран Ютуб” каналына берген маегимдеги “Казак элинен жеке өзүмдүн атымдан Кененсарынын башы үчүн кечирим сурайм” деп айтканым резонанс болуп кетти эле. Андан кийин УКМК тарабынан бул иш каралып, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Рассалык,этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу) боюнча сотко өткөн. Буюрса, сот бүгүн бүттү. Соттун өкүмү менен мамлекетке 100 миң айып пул төгө турган болдум”,-деди ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында социалдык тармактарда ырчынын казакстандык каналга берген маеги кызуу коомдук талкууга түшкөн. Андан соң, көп өтпөй Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча кылмыш ишин козголгонун билдирген.