Кечээ, 16-октябрь күнү самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, дене тарбия жана спорттун отличниги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 9-бөлүмүнүн капитаны Нурлан Эралиев 38 жаш курагында жаракаттан улам мезгилсиз дүйнө салды.
Спортчу 3 кыздын атасы. Ал спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эки жолку Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байгесинин ээси. Нурлан Эралиев адамга тийешелүү жакшы сапаттардын баарына ээ болуп боорукер, кичипейил, чечкиндүү, эн негизгиси жөнөкөй, адамгерчиликтүү, ыйман жолунда жүргөн инсан эле.
Анын сөөгү бүгүн, 17-октябрь күнү саат 15:00 дө, өзү туулуп өскөн кичи мекени Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылында жерге берилет.
Нурлан Эралиевдин жакындарына жана жалпы спорт сүйүүчүлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ыйманы саламат болсун. Жаткан жери жайлуу болсун.