Сулайман-Тоого чыгып ооз ачууга чакырык жасагандарга жооп айтылды

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Сулайман-Тоого чыгып ооз ачууга чакырык болуп жатат. Мындан улам Сулайман-Тоо музей комплексинин баракчасына маалымат жарыяланды.

«Сулайман-Тоо Дүйнөлүк мурастардын тизмесине ыйык тоо катары катталган зыярат жайы. Тоого көңүл ачуу, тамактануу үчүн эмес, зыярат жасоо үчүн келүүгө чакырабыз! 2024-жылдын 1-январынан тартып Сулайман-Тоого желим баштык жана желим идиштерди алып чыгууга тыюу салынганын эскертебиз», — дешти.

27 Март 2024 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча