Сузакта кой уурдады делген кыздар кармалды

Сузакта кой уурдады делген кыздар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 49 жаштагы киши кайрылып, 8-февраль түнү 8 коюн уурдатканын айткан. Иликтөөнүн жыйынтыгында 31 жана 20 жаштагы эки кыз кармалган.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

6 Март 2025 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча