2023-жылдын 29-августунан 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында «Деу-Нексия» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хундай-Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Натыйжада Н.С. денесинен жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районунун тургуну 1994-ж.т. А.Д. Бишкек шаарынан кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле А.Д. мындан ары уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдобой, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактай тургандыгын айтты.
Белгилей кетсек бул кылмыш ишине шектүү катары буга чейин дагы Сузак районунун 3 тургуну кармалган.