Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктап, жол ачылды

Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктап, жол эки тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннелинде саат 17:15те оңдоо иштери аяктап, эки тараптуу ачылды.

Белгилей кетсек, бүгүн туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, каттоого кооптуулук жараткан. Аны оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 16:00дө убактылуу жабылган.

25 Февраль 2025 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча