Түптө 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

26-февралда Түп районунун ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Милициянын маалыматында, 2012-жылы туулган бала 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында шпагат жипке асынып каза болгон.

«Окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин сырткы кароо учурунда, мойнундагы асылган жиптин изинен башка эч кандай жарааттар аныкталган эмес», — деп билдирди милиция.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатат.

27 Февраль 2025 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча