
Билим берүү жана илим министрлиги массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К. Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун Түркияда кармалгандыгы боюнча маалымат берди.
Ведомтвонун маалыматына караганда, Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке Zeen Education билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.
Zeen Education компаниясынын директору Айнура Мамашариптин расмий маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына келишкен. Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен Zeen компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Ал эми окуучулар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар коопсуз шартта олимпиадага катышып жатышат, алардын Кыргызстанга кайтып келүүсү 2025-жылдын 25-апрелине белгиленген.
«Окуучулар «кароосуз калган» деген маалымат чындыкка туура келбейт. Компаниянын өкүлдөрү бүткүл сапар бою балдарды коштоп жүрүшөт жана көзөмөлдү камсыз кылышууда», — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү министрлиги кырдаалга байкоо салып, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен байланышта болууда.
Ошондой эле Билим берүү министрлиги олимпиадаларды, сынактарды жана окуучулар менен студенттердин катышуусундагы башка иш-чараларды уюштурган жеке уюмдарга кайрылып, иш-чара өтө турган өлкөлөрдөгү кырдаалды эске алууну жана мүмкүн болгон жагымсыз окуяларга жол бербөө үчүн мындай иш-чараларды Министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен сөзсүз түрдө макулдашып өткөрүүнү сунуштайт.