31-мартта Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр провинциясында шайлоо тилкесинде куралдуу жаңжал чыкканы кабарланды. Анда бир киши каза болгону, 12 киши жараат алганын түрк басылмалары жазып, видеолорду жарыялашты.
Жергиликтүү Демирөрен кабар агенттигинин маалыматы боюнча, жекшембиде Диярбакыр провинциясынын Агачлыдере маалесинде ондогон шайлоочулардын арасында уруш чыгып, кийин ок атылган. 44 жаштагы Эмин Челик ок жеп каза болгон. Окуя болгон жерге тез жардам кире албай, аймакка жандармерия жөнөтүлгөнү кабарланды.
Ушул эле күнү Шанлыурфа шаарында да эки шайлоо тилкесинде уруш чыгып, 15 киши ооруканага түштү. Жергиликтүү маалымат каражаттары, бул жаңжалга байланыштуу алты шектүү кармалганын жазышууда.
Азырынча Анкара эки провинциядагы окуялар боюнча комментарий бере элек. Шайлоонун алдында түрк бийлиги өлкөнүн 81 облусунда 594 миң полиция жана жандармерия кызматкерлери иштерин кабарлаган.