Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 36 адам жабыркады

Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 36 адам жабыркады.

Известия маалымдагандай, Таиланддын Пхетчабури провинциясында чет элдик эс алуучуларды ташып бара жаткан туристтик автобус жолдон чыгып, электр мамычасын сүзгөн.

Полиция иликтөөнүн жүрүшүндө автобустун айдоочусу өзүн жаман сезип, унааны башкара албай калгандыгын аныктаган.

Кырсыкта ар кандай жаракаттарды алган туристтер ооруканага жеткирилип, алардын ичинен үч кишинин абалы оор экени айтылды.

14 Март 2025 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча