Талас шаарында “Бизнес – Бийлик – Бир багыт” аттуу бизнес-форум болуп өттү

Бүгүн, 4-апрелде, Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен “Бизнес – Бийлик – Бир багыт” аттуу бизнес-форум болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен ишкерлердин ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүү, жергиликтүү деңгээлдеги экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү жана бизнести колдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.

Форумга министрликтердин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, фонддор, ошондой эле ишкердик чөйрөсүндөгү адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ачык жана конструктивдүү талкуулар уюштурулуп, ишкердиктин жаңы багыттары, инновациялык мүмкүнчүлүктөр жана аймактарды өнүктүрүүдөгү фонддордун ролу каралды. Ошондой эле алдыңкы ишкерлер менен жаш стартаптар бизнес өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.

4 Апрель 2025 жыл 19:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча