Бүгүн Талас шаарында 6 «Дастан» кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, футбол аянтчалары президенттин резервдик фондунун колдоосу менен курулду.
Жаңы футбол аянтчалары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас институтунда, Р.Я. Рысакова атындагы №2 орто мектебинде, К.Дардаңов атындагы №3 орто мектепте, №5 орто мектепте , «Умму-Арран» мечитинин аймагында жана дагы бир билим берүү мекемесинин аймагында ачылды.
Шаар мэри Нургазы Асылбеков №3 орто мектепте уюштурулган ачылыш аземине катышып, жаңы спорттук жайдын кызыл тасмасын кесип, расмий түрдө пайдаланууга берди.
«Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга, жаштарды спортко тартууга жана алар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган», — деди мэр.