Таласта «Айымдарды өнүктүрүү борборунда» алгачкы мастер-класс өттү

Талас шаарында жаңы ачылган «Айымдарды өнүктүрүү борборунда» биринчи мастер-класс өтүп, жергиликтүү айымдарга сулуулук тармагындагы билимдери менен бөлүшүү максатында Бишкектен тажрыйбалуу чеберлер келишти. Алар «перманентный макияж» жасоо боюнча тажрыйба жана кеңештерин бөлүшүп, катышуучуларга практикалык көндүмдөрдү көрсөтүштү.

Иш-чараны уюштурган ишкер айым Нурзат Өмүрканова бул борбор элет айымдарын колдоону жана аларга кошумча киреше табууга шарт түзүүнү максат кылганын билдирди.

Мастер-класс жогорку деңгээлде өтүп, катышкан айымдар ыраазычылыктарын билдиришти.

«Айымдарды өнүктүрүү борбору» жеке ишкер Нурзат Өмүрканованын демилгеси менен ачылып, айымдарга акысыз маалымат жана колдоо көрсөтөт.

14 Апрель 2025 жыл 12:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча