
Таласта Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийин жолдон өтүп бараткан төрт адамды токтотуп, негизсиз сабагандар кармалды.
Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта кармоо ишине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы көмөктөшкөнү жазылган. Манас районунун Чоң-Капка чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы автожолдо атайын посттор орнотулганы белгиленген.
31-августтан 1-сентябрга караган түнү төрт адамды белгисиз жарандар коркутуп, уруп жаткан видео интернетке тараган. Анда жолоочуларга кол көтөргөндөр Ош облусунда Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө арналган көкбөрү оюнунун аягында болгон чатакты себеп кылып сүйлөп жатканын угууга болот.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, видеодо бети канжалаган төрт жаран Ош облусунун тургундары. Алар Орусиядан “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү автоунаа менен чыгып, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолу аркылуу Ош облусуна бара жаткан.
Аларды коркутуп, сабоого Талас облусунун 1995-жылы туулган төрт тургуну шек саналып, кармалды.
Милиция тергөө иши жүрүп, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалганын билдирди.
Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн «Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыккан. Оюнда «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган. Мындан кийин айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.
Ош облустук милициясы 1-сентябрда бул жаңжалга байланыштуу 25 адам милицияда сурак берип жатканын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал «мээси чайкалган» деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын кабарлады.
Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын айткан.