Таласта өрт көбөйгөндүгүнө байланыштуу облус бийлиги элге кайрылды

Таласта өрт көбөйгөндүгүнө байланыштуу облус бийлиги элге кайрылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунда акыркы апта ичинде өрт кырсыктары көп катталгандыгынан улам президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев кайрылуу жасап, дыйкандарды жана жергиликтүү тургундарды талааларды, айдоо аянттарындагы калдыктарды өрттөөдө этият болууга чакырды.

Ал белгилегендей, жарандар чылым чегүүдөгү жоопкерчиликсиз мамиледен, адамдык факторлордон улам ири өрт кырсыктарына жол берилүүдө. Андыктан талаа иштерине даярдык көрүү, тазалоо иштеринде өрт коопсуздук эрежелерин так сактап, кырсыктын алдын алууну өтүндү.

Эске салсак, өткөн жумада Талас облусу боюнча 20дан ашык өрт кырсыгы катталып, Бакай-Ата районундагы Кең-Арал, Миң-Булак айылдарында ондогон гектар токойлор өрттөндү.

«Учурда ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги облустук бийлик менен бирге өрт коопсуздугу боюнча элге түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүнү улантууда»,-деп айтылат маалыматта.

24 Март 2025 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча