Талас шаарында 18-октябрда зомбулукка каршы тынч жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.
Анда мектеп окуучулары шаар аралап, “Биз кылмыштуулукка каршыбыз”, “Зордук-зомбулуксуз жашоо” деген баракчаларды кармап басышкан. Жүрүшкө шаар жетекчилиги, билим берүү бөлүмүнүн жана шаардык милициянын кызматкерлери катышкан.
Иш-чара соңунда милиция кызматкерлери зомбулук болгон учурларда кайдыгер карабай, милицияга билдирип, коом менен чогуу күрөшүү керектигин жана жарандардын укугун милиция күнү-түнү коргой турганын эскерткен.
Милициянын маалыматына караганда, Талас облусу боюнча жыл башынан бери зордук-зомбулук көрсөткөн 183 факты катталган. Анын ичинен 170 фактысында аялдар жабыркаган.