“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Таласта дыйкандарды жашылча өстүрүүгө жана үрөнүн экспортко чыгарууга багыттоо боюнча окуу семинары башталды.
Окууну Атыкан Кулмырзаев жана башка тажрыйбалуу адистер өтүүдө. Семинарда ашкабак өстүрүп, анын үрөнүн Японияга сатып киреше табуу боюнча пайдалуу кеңештер берилди. Ошондой эле топуракты дайындоо боюнча да үйрөтүлдү.
Долбоор “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Бакай-Ата районунун 11 айылында жана Айтматов районунун 2 айылында ишке ашырылып, 11-апрелге чейин уланат.
Бүгүнкү семинар Кең-Арал айылында өттү.




