Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбековичти ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоорун президентке киргизүүнү кабыл алды.
Мындай чечимдин долбоору ыйгарым укуктарынын алкагында функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, ишенип берилген аймагындагы координация иштеринин жоктугуна, уюштуруу ишиндеги кемчиликтерге жол бергендиги үчүн кабыл алынды.
Ошондой эле өзүнүн милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн:
Бул багытта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, бүгүнкү коллегияда кабыл алынган чечимдер башкаларга катуу сабак болушу керектигин билдирди.
“Биз мындай текшерүүлөрдү ар бир облуста жүргүзөбүз. Ошондуктан азыртадан баарын иреттеп, орду-ордуна коюңуздар. Жарыядан уктуңар, менин орун басарларым дагы бир жолу бүт өлкөнү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Андан кийин да чоң чечимдерди кабыл алабыз. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, учурда республика боюнча 1426 адам бардык текшерүүдөн өтүп, резервде турат, мунун ичинен муниципалдык кызматка 1277 адам резервге кирген. Ал эми Талас облусу боюнча 96 адам жетекчилик кызматтар үчүн резервде даяр турат. Кадр маселеси жылдан жылга күчөтүлөт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.