Таркович Оман менен беттеш тууралуу оюн айтты

Малайзия курамасы менен болгон беттештеги жеңилүүнү эске алсак, кечээки оюн абдан оор болду. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Оман менен болгон оюн тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, Оман курамасы Кыргызстандын тайпадагы башкы атаандашы. «Андыктан, оюнчулар менен абдан сыймыктанып жатам, алар жеңишке татыктуу», — деди ал.

Эске сала кетсек, күн мурун 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын командасы менен беттешти. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

1:0 эсеби менен «Ак шумкарлар» утту.

22 Ноябрь 2023 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча