Ташиев 12 жылдык окуу системасына өтүү боюнча оюн өзгөрткөнүн жазды

4-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу оюн өзгөрткөнүн Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды. Анда ал бул маселе боюнча эксперттер, билим берүү министрлиги жана президент Садыр Жапаровдун катышуусунда талкуу өткөнүн анын натыйжасында cyнуш кылынган окуу системасын колдой турганын жазды:

«12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу жана билим берүү системасын келечекке багыттоо мүмкүнчүлүгү экендиги баса белгиленди. Ошондуктан, алдыга жылууну туура көрдүк», — деп жазган Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы бир күн мурун 12 жылдык окуу системасын сындап жазган соң эксперттер жана билим берүү тармагынын адистери ортосунда талаш-талкуу күчөгөн. Анда ал өлкөдө орто мектептерде билим берүүнүн сапаты өтө эле начарлап кеткенин, бул маселени чечмейинче башка системага өтүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгилеген.

5 Март 2025 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча