Ташиев Баткенде 253 үй-бүлө көчүрүлөрүн айтты

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасын тактоо келишими каралган комитеттердин биргелешкен жыйынында билдиргендей, чек араны тактоодо тажик тарап менен алмашылган айылдардан Баткен облусу боюнча жалпы 253 үй-бүлө көчүрүлөт. Лейлек районундагы айылдардан көчө турган тургундар үчүн кыргыз тарапка өткөн Кайрагач аймагында турак жай салынат.

Буга чейин 14-мартта Баткен району боюнча 179 үй жайгашкан жер алмашылып жатканы маалым болгон. Бул тууралуу район акими Данир Иманалиев билдирип, Достук айылынан 70, Таш-Тумшуктан 59, Көк-Теректен 17, Масейитте 17 үй жайгашкан жер алмашыларын тактаган.

Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, кабыл алды.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, колдоо тапты.

19 Март 2025 жыл 16:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча