Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү “мафиялык түзүлүштөр” менен күрөш уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 3-апрелде Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллежде сүйлөп жатып айтты.
Ал буга чейин коом “тартипсиз” болуп кеткенин, олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер жана криминалдык топтор биригип, “мафияга айланып кеткенин” белгиледи.
“Бүгүнкү күнгө чейин алар менен күрөшүп, арыла албай келатабыз. Бирок биз алардан арылабыз. Мамлекеттик олигархтар коомду башкарбашы керек”.