Тажикстандын парламенти жашы жете электерге карата ыпылас аракеттерди жасоо үчүн жазаны күчөтүү тууралуу Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды.
Кодекстин «Ыпылас аракеттер» тууралуу 142 беренесинин жаңы пунктуна ылайык, «14 жашка чыга электерге карата ыпылас аракеттерди жасагандар» беш жылдан сегиз жылга чейин соттолот. Ошондой эле сот абакка камоодон тышкары күнөөлүү адамдарды белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан биротоло ажыратышы мүмкүн.
Буга чейин мындай кылмыш үчүн күнөөлүү деп табылгандар эки жылдан беш жылга чейин соттолуп, белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан үч жылга чейин гана ажыратылып келген.
Акыркы кездери тажик ЖМКларында жашы жете электерге карата ыпылас аракеттерди жасоо жана сексуалдык ыдык көрсөтүү тууралуу маалыматтар көп чыга баштады. Эки жыл мурда Гиссар шаарында 12 жашар кызды 42 жаштагы тууганы зордуктаганы белгилүү болуп, бул социалдык түйүндөрдө чоң коомдук резонанс жараткан.
Анда сот айыпталуучуну беш жылга эркинен ажыратып, бирок ал мунапыска туура келерин айтып сот залынан бошоткон. Коомчулук бул чечимге нааразы болуп, иштин кайра каралышын талап кылгандан кийин Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, айыпталуучуну абакка кескен.