Текебаев Таш-Көмүр шаарындагы жол жээгин иретке келтирүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарынын аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолунун 451-чакырым аралыгында жайгашкан соода жайларын жана тейлөө объектилерин иретке келтирүү тапырмасын берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл шаар мэрине жол жээгине мыйзамсыз чыгып кеткен соода түйүндөрүн жылдыруу, жарандардын коопсуздугун сактоо, айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысынын “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынган.

26 Февраль 2025 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча