Тоң районунда чагылган тийип 60 майда жандык өлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип 60 майда жандык өлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 17:30дар чамасында Көл-Төр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда болгон.

Жерине техника бара албагандыктан жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы бүгүн ат менен барары белгиленди.

16 Август 2024 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча