Токтогул милициясы мал уурулук фактысынын бетин изин суутпай ачты

Токтогул милициясы мал уурулук фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 10-март күнү Токтогул РИИБге 48 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 8-март күнү короосунан 3 баш койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада арыз ээсине 45 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул окуя Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2051-беренеси (Мал уурдоо) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун тургуну 2000-ж.т. М.С. кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 2 даана ок атуучу курал табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

12-мартта шектүүнүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

14 Март 2024 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча