Токтошев Мадумаровду кармап кеткендигин сынга алды

Оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду күч кызматкерлери тарабынан кармалып кеткенин сынга алды. Ал социалдык тармактагы баракчасына Адахан Мадумаровду коркунучтуу кылмышкерди кармагандай кармабай эле, чакырса өзү бармак экенин жазды.

«22-июнь күнү башкы прокурор Кылмыш жана жаза кодексинин 338 -беренесине ылайык “кызмат абалынан аша чабуу” боюнча Мадумаровго карата тергөө иштерин жүргүзүүгө Жогорку Кеңештен уруксат сурап, көпчүлүк добуш менен макулдук алышкан. Андан кийин Жогорку Кеңеш каникулга чыгышып, кайра 1-сентябрь күнү ишин улантты.

2-сентябрь күнү сейилдеп жүргөн жеринен Адахан Кимсанбаевичти кармап кетишип, 2 айга камакка алынды. Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай эле, телефон менен чакырса, өзү деле бармак. Ал киши өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бергенден эч жакка качмак эмес. Бардык териштирүү иштери мыйзам чегинде болуусу шарт.

Коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чон жардам берип келген. Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн бир муштумдай биригишибиз абзел»,- деп жазды ал.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 2-сентябрь күнү Адахан Мадумаровду сейилдеп жүргөн жеринен кармап кетишип, кийин 2 айга камакка алынган.

4 Сентябрь 2023 жыл 11:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча