Тоодон кулап, бутун сындырып алган бала куткарылды

Ош облусунун Алай районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тоодон кулап кеткен өспүрүмдү куткарып калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, 26-апрелде чакыруу түшүп, окуя болгон жерде 17 жаштагы бала тоодон кулап, бутун сындырып алганы, андан сырткары башынан жаракат алганы белгилүү болгон.

Жабырлануучуну тоодон түшүрүүгө ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

28 Апрель 2025 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча