Тоолуу аймактарга кар жаайт. Аба ырайы тууралуу маалымат

24-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланат, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 13…15° болот.

23 Ноябрь 2023 жыл 14:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча