Баткен районундагы Капчыгай айылынын ички жолу толугу менен жасалып, асфальт төшөлдү. Жаңы курулган тамдардан тышкары жолу жасалып, көчөлөрүнө жарык коюлду. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жеринен тааныштырды.
“Урматтуу Президентибиз койгон тапшырманы аткардык, үйлөр толугу менен тургузулуп, көчөлөрүнө асфальт басылып, жарык коюлду. Мамлекет өз убагында каражат бөлүп, курулушка катышкан субподрядчы компанияларга берилген. Арасында каражатты алып, жумушун бүтүрбөй качып кеткен компаниялар дагы бар, алардын жумушун дагы биз аягына чыгардык. Алардын жоопкерчилигин укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”.
Белгилей кетсек, чек ара чырында Капчыгай айылы эң көп жабыркап, толугу менен талкаланып, тонолуп кеткен.