Айсулу Тыныбекова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.
Кыргызстандык кыз 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда Нигериянын спортчусун 5:1 эсебинде жеңип алды.
Чейрек финалда кыргызстандык кыз америкалык Кайла Миракл менен беттешип, жеңишке жетип, жарым финалга өттү.
1/2 финалда Тыныбекова Биляна Дудова (Бугария) — Ирина Коляденко (Украина) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.
Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.