
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык 5 спортчу финалга чыкты.
Грек-рим күрөшү:
55 кг салмакта Улан Муратбек уулу (Кыргызстан) — Ербол Камалиев (Казакстан);
87 кг салмагы Жеңиш Жумабеков (Кыргызстан) — Максат Сайлау (Казакстан).
Кыз-келиндер күрөшү:
55 кг салмакта Арууке Кадырбек кызы (Кыргызстан) — Жийоти Жийоти (Индия);
59 кг салмакта Гүлдана Баатырбекова (Кыргызстан) — Ан Тует Тран (Вьетнам);
76 кг салмакта Кайыркүл Шаршебаева (Кыргызстан) — Пинг Цен Хунг (Кытай).
Белгилей кетсек, финалдык беттештер саат 18:00до башталат.