УКМК бомба тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүүгө шек саналып Кыргызстандын А.Р.А. аттуу жараны кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматта кармалган адам КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу болжолдуу, жалган маалыматтарды жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүп, буюртмаларды кабыл алып иштеп келген трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири болгонун билдирген. Расмий маалыматта бул топ КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык топ экени айтылат.

«Кармалган жаран 30-октябрда VPN маалыматтарын жашырып, ИИМ катчылыгына соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Ошондой эле 2023-жылдын 18-июлунда ГУМ соода борборунда бомба коюлганы тууралуу милицияга анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышканы дагы аныкталды», — деп айтылат Атайын кызматтын маалыматында.


УКМК ушундай иштерге катышы бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Аталган мекеме мындай жосундарды жасаган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») ылайык жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертти.

2 Ноябрь 2023 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча