Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү, милициянын майору (А.К.М.) пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады.
Мекеме ал кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеринен пара талап кылган деп айыпталып жатканын билдирди.
Атайын кызмат Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 5-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте 5 миң доллар алып жаткан учурда кармалганын кошумчалады.
Маалыматка ылайык, тергөөдө ал пара талап кылган иште адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экени аныкталган. Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.